Кыргызстан Түркияга кошумча 50 куткаруучу жөнөттү

12-февралда “Манас” аэропортунда куткаруучуларды жөнөтүү үчүн атайын борт уюштурулду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

x330165603 1199113520713253 4714606224045983029 n Кыргызстан Түркияга кошумча 50 куткаруучу жөнөттү

Маалыматка караганда, узатуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Кыргызстандагы Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган катышты.

Куткаруучуларды узатып жаткан өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин айтымында, табигый кырсыктан жабыркаган боордош түрк элине колдоо көрсөтүү үчүн биринчи атайын учак менен 50 куткаруучу, 6 дарыгер, боз үй тигүүчүлөр, 75 боз үй жөнөтүлдү.

Ал эми калган куткаруучулардан турган атайын топ, боз үйлөр, дарылоого тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар келе жаткан жуманын шейшемби күнү жеткирилмекчи.

Белгилей кетсек, ӨКМ Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги жана Табигый кырсыктарды жана өзгөчө кырдаалдарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) менен тыгыз кызматташтыкта иш алып барууда.

1024x623x330008246 923587672392594 186030597713912611 n.jpg.pagespeed.ic.6HcV 1ElCd Кыргызстан Түркияга кошумча 50 куткаруучу жөнөттү
Кыргызстан Түркияга кошумча 50 куткаруучу жөнөттү
Кыргызстан Түркияга кошумча 50 куткаруучу жөнөттү
Кыргызстан Түркияга кошумча 50 куткаруучу жөнөттү
330203915 584618559884766 7972797927541436264 n Кыргызстан Түркияга кошумча 50 куткаруучу жөнөттү
Кыргызстан Түркияга кошумча 50 куткаруучу жөнөттү