Президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Мурат Укушев жакында атайын макала жазды. Анда Кыргызстанга кандай башкаруу режими зарыл, эмне үчүн батыш демократиясы бизге чоочун экендигин айтыптыр.
Биз бул аткаминердин макаласын талдап чыгып, анда жалган маалыматтар бар экендигин аныктадык.
№1-тезис: «Дүйнөдө демократиянын 3 түрү бар: классикалык (байыркы гректерден калган), европалык (батыш) жана азиялык модель»
Мурат Укушевдин пикири боюнча, азыркы дүйнөдө демократияны үч модели белгилүү: классикалык (байыркы гректердики), европалык (батыш) жана 20- кылымдын аягында пайда болгон азиялык модель. Бир дагы белгилүү булактардан, изилдөөчүлөрдүн илимий макалаларынан, саясат таануу боюнча китептерден демократиянын мындай классификациясын таба алган жокпуз.
Саясат таануучу Эмил Жураевдин пикири боюнча, демократияны жогорудагыдай бөлүүнү Мурат Укушев өзү ойлоп тапкан.
— Дүйнөдө демократиянын үч эмес, керек болсо 30дай модели бар, ар бир мамлекеттин демократия боюнча өзүнүн уникалдуу модели бар, – дейт Э. Жураев.
Бүтүм: Тезистин булагы табылган жок.
№2-тезис: «Батыш дүйнөдөгү башка өлкөлөргө жана Кыргызстанга демократиянын уникалдуу европалык моделин таңуулоого аракет кылып жатат»
Укушев өз макаласында: “Демократиянын европалык модели планетанын бардык калкынын жашоосу үчүн жалпы универсалдуу инструмент боло албайт. Бирок батыш аны бүт дүйнөгө, анын ичинде Кыргызстанга күч менен таңуулап жатат” деп белгилейт.
— Батыш талап кылып жаткандай, универсалдуу демократия жок, “бардык мезгилдер үчүн демократия” болушу да мүмкүн эмес. Ошол эле учурда Батыш дүйнөнүн калган бөлүгүнө демократиянын “жаңырган” стандарттарын таңуулоого аракет кылып жатат, – деп жазат эмгек сиңирген юрист Укушев. Эмгек сиңирген юрист мындай бүтүмдү кайдан алганы таптакыр белгисиз.
Тескерисинче, Европа Кеңешинин сайтындагы “Демократия” аттуу макалада “дүйнөдө канчалаган демократиялык мамлекеттер болсо, азыркы учурда ошончолук демократиянын ар кандай формалары бар. Бири-бирине өтө окшош эки система да жок, ошон үчүн бир дагы системаны үлгү катары алууга болбойт. Президенттик жана парламенттик демократиялар, федералдык же унитардык болгон демократиялар бар, шайлоолордун пропорционалдык системасын колдонгон, ошондой эле мажоритардык системаны колдонгон демократиялар да, монархия болуп саналган демократиялар да бар, ж.б.”
Ошондой эле Батыш мамлекеттери же эл аралык уюмдар менен болгон бир дагы эл аралык укуктук документте, макулдашууда, конвенцияда, декларацияда же башка ченемдик укуктук актыларда Кыргызстан “батыш демократиясынын стандарттарын” сактоого милдеттүү деп жазылган эмес. Укуктук документтерде мындай түшүнүк да жок.
Бүтүм: Тезистин булагы табылган жок.
№3-тезис: «Батыш демократиясынан улам, Кыргызстан алсыз, чачыранды мамлекет болуп калды»
Эмгек сиңирген юристтин пикири боюнча, 90-жылдарда “таңууланган” батыш демократиясынын принциптери Кыргызстанга жардам берген жок, аны “ашынган эркин мамлекетке” айландырган.
— Эл аралык макулдашууларды, конвенцияларды тыкыр кармануу… Кыргызстанды иш жүзүндө алсыз, ашынган эркин жана чачыранды мамлекетке айландырды, анткени акыркы 20 жыл ичинде жарандардын “араңжан” кагылышууларынан үч жолу чачырады, – деп эсептейт президенттик аппараттын укуктук бөлүмүн башкарып отурган аткаминер.
Буга Укушев эч кандай так мисалдарды, тарыхый фактыларды келтирген эмес.
Кыргызстан 1990-жылдардын башында башка социалисттик мамлекеттер сыяктуу эле башкаруунун демократиялык формасын тандап алган.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев
БУУ алдындагы Адам укуктары боюнча комиссия демократиянын негизги институттары катары төмөнкүлөрдү белгилейт:
- Адам укуктарынын жана негизги эркиндиктеринин сакталышы;
- Мыйзам үстөмдүгү;
- Эркин шайлоолор;
- Саясий партиялар менен уюмдардын плюралисттик системасы;
- Бийлик бутактарынын бөлүнүшү;
- Сот бийлигинин көз карандысыздыгы;
- Мамлекеттик башкаруу органдарынын отчеттуулугу;
- Эркин жана көз карандысыз ЖМК.
Бирок мамлекет отуз жылдык тарыхында демократиялык башкаруу моделин түзө алган жок. Мунун себептеринин бири, демократиялык ураандарды көтөрүп чыккан бардык президенттер иш жүзүндө авторитардык режимди орнотууга аракет кылышкандыгында.
Президент Акаевдин башкаруусунун алгачкы жылдарында Кыргызстан Борбордук Азиядагы “демократия аралчасы” атагына ээ болгон. 2000-жылы Аскар Акаев Конституцияны бузуп туруп, үчүнчү мөөнөттөгү президенттик шайлоого барган. Ошондон тарта ЖМКга, саясий оппоненттерге куугунтук башталган, коррупция чайлап-коолап “гүлдөй” баштаган. Бул окуялар биринчи президенттин “табиятынан” демократиялуу экендигин жокко чыгарып, акырында 2005-жылы алгачкы төңкөрүш болуп өткөн.
Бийликке келген президент Бакиев реформаларды жасоого, саясий режимди өзгөртүүгө даяр экендигин айтып чыккан. Буга карабастан, 2007-жылдагы конституциялык реформанын натыйжасында президенттин колунда абсолюттук бийлик жыйналган. Журналисттер, саясий оппоненттер жок кылынып, өлкөдө үй-бүлөлүк кландык автократия орногон.
Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиев
2010-жылдагы революциядан кийин бийлик алмашкан соң, бардык бийликти колуна мыкчыган автократ болуп калуудан президент Атамбаев да алыс кете албады.
Конституцияны дагы бир жолу оңдогон соң, ал мамлекетте башкаруунун парламенттик формасын көрсөткөн демократиялык иллюзияны түздү. Иш жүзүндө мамлекет башчысынын колунда чечүүчү ыйгарым укуктар топтолгон эле. Бул эле эмес, парламентке президентке таандык КСДП партиясы өтүп ал мыйзам чыгаруу органын көзөмөлдөп турган. Башка диктаторлордой эле президент Атамбаев көз карандысыз ЖМКды жок кылды, аларды президенттик администрациянын каш-кабагына көз каранды соттор аркылуу банкрот кылып, болгон саясий оппоненттерин камакка алып, түрмөгө отургузган. Ал эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого бийликтин одоно кийлигишүүсү президенттикке Атамбаевдин эски досу болгон, ага чейин кыргызстандыктардын болгону 3%нын гана ишенимине татыган Сооронбай Жээнбековдун келишине алып келди.
Кыргызстандын мурдагы президенттери Сооронбай Жээнбеков жана Алмазбек Атамбаев
Бүтүм: Тезис чындыкка туура келбейт. Укушев жазгандай «кагылышуулар” жана “чачыранды мамлекет» демократиядан эмес, тескерисинче анын жоктугунан келип чыккан. Бардык президенттердин иш жүзүндө эл аралык макулдашууларды жана конвенцияларды сактабагандыгы, демократиялык нормаларды бузгандыгы: акыйкатсыз өткөн шайлоолор, коррупция, социалдык теңсиздик, үй-бүлөлүк кландык башкарууну орнотуу аракеттери акырында элдин көчөгө чыгып, бийликти кулатуусуна алып келген. Мындай абалга Роза Отунбаева гана дуушар болгон жок.
№:4-тезис. «Демократия үчүн биз экономиканы жана социалдык тармактарды курмандыкка чалдык»
— “Көктөн түшүп калган көз карандысыздыктын” эйфориясына берилип жана Батыштын кредиттерди каалашынча бергенинен пайдаланган коомдук саясий “элита” коомго демократияны ыкчамдык менен киргизүүгө киришти, а коом аны кабыл алууга даяр эмес эле. Керек болсо өткөн кылымдын 90-жылындарда демократия үчүн биз экономика менен социалдык тармакты курмандыкка чалгандан да кайра тарткан жокпуз”, – деп жазат Укушев.
Бул жерде да эч кандай сандар, экономикалык фактылар, талдоо жок.
Эми талдап көрөлү. Кыргызстан көз карандысыздыкка ээ болгон учурдан тарта эл аралык уюмдардан, анын ичинде батыш донорлорунан кредиттерди, гранттарды сурап баштаган. Каражаттар СССР тарагандан кийин “өз алдынча сууда сүзүүгө үйрөнө баштаган” мамлекеттин экономикасы туруктуу болушу үчүн, ал эми мамлекет өз керектөөсүнө өзү каражат иштеп табуусу үчүн алынган.
Арадан далай жылдар өттү, бирок ушу кезге чейин Кыргызстандын экономикасы сырттан каражат келмейинче кыймылдай албай келет.
“Биздин кылым” уюмунун сырттан келген жардам боюнча жасаган баяндамасына ылайык, Кыргызстан 30 жыл ичинде (1992-2022-жылдар) 12 миллиард 304 миллион АКШ долларын алган, мунун 70% кредиттер болгон.
Кыргызстан баарынан көп суммадагы финансылык жардамды “бюджетти колдоого” (айлык акылар, пенсия, пособиелер) – 3 млрд. 139 млн. $ (жалпы сумманын 67% кредиттер), “транспортко” (жолдорду куруу жана реконструкциялоо) – 2 млрд. 772 млн. $ (жалпы сумманын 87% кредиттер) жана “энергетикага” (ГЭСтерди реконструкциялоо жана модернизациялоо) 2 млрд. 247 млн $ (жалпы сумманын 86% кредиттер) алган.
Ошондой эле ири суммалар:
- Саламаттык сактоого,
- Айыл чарбасына,
- Инфраструктура түзүү жана жакшыртууга,
- Санариптештирүүгө,
- Мамлекеттик башкарууга,
- Билим берүүгө бөлүнүп турган.
Батыштын ири донорлорунун ичинен:
- Буткүл дүйнөлүк банк — $1 млрд. 633 млн.;
- Өнүгүү жана реконструкциялоо боюнча Европа банкы — $663 млн. 202 миң.;
- Эл аралык валюта фонду $402 млн. 926 миң.;
- Европа Союзу $339 млн. 94 миң берген.
Мисалы, Европа Союзу 2014-2020-жылдарда Кыргызстанга 174 млн. еврону гранттык (кайтарымсыз) колдоо катары бөлгөн. Бул каражат айыл аймактарын комплекстүү өнүктүрүүгө, айылдыктарды социалдык жактан коргоого, билим берүүгө жана мыйзамдын үстөмдүгүн камсыздоого жумшалган. 2021-2027-жылдар аралыгында да Европа Союзунун долбоорлору өлкөбүздү санариптештирүүгө жана “жашыл” жана климаттык туруктуу экономиканы калыптандырууга жардам бермекчи. Сентябрь айындагы тажик аскерлеринин кол салуусунан кийин, Евросоюз 270 миң еврону жабыр тарткандарга жардам катары бөлүп берген.
Ошентип, биз көрүп тургандай, Кыргызстан кредиттерди жана гранттарды көп учурда бюджетти колдоого, жолдорду курууга жана энергетика үчүн алат. Демек, тармактарга колдоо алып жаткан мамлекет эң башкы “грант жегич” болуп саналат.
Ушул эле учурда өлкөнүн энергетикасынын араң эле жаны бар, мамлекет жетекчилери анын инфраструктурасы советтик доордон бери оңдолуп түзөлгөн эмес деп айтып келишет. Ошол учурдан бери мамлекетте жаңы ГЭСтер же күн электростанциялары курулган эмес.
Эксперттер белгилегендей, алынган каражаттарды бөлүштүрүүнүн ачык эместигинен улам, Кыргызстандын эли алардын кандайча жумшалып жаткандыгын билишпейт.
«Биз кредит менен гранттарды миллиарддаган доллар менен алып келгенбиз, дагы эле алып жатабыз, бирок алардан жыйынтык жок. Болгону мамлекеттик карыз өсүп, жыл өткөн сайын аларды төлөө катаалдап баратат», — деп жазат экономикалык баяндамачы Татьяна Кудрявцева.
— Дүйнөдө сырттан кредит албаган мамлекет жок. Ошол эле Америкада же башка өнүккөн мамлекеттердин деле карыздары бар. Менин оюмча, карыз алгандан коркпош керек. Негизги суроо, биз ал каражаттарды кандайча жана кайсы максаттарга коротуп жатабыз? Башка бирөө акча бергенде деле өзүбүз ички коррупциядан арылдыкпы? Каражаттар келип жатат, анан тендерлер, дагы бирдемелер башталат, акырында ушундай ортомчулуктун айынан каражаттардын чоң бөлүгү жөн эле “желип” кетет, же болбосо уурдалып жок болот. Мына ушундай көрүнүштөр менен күрөшүү керек, – деп белгилейт коомдук ишмер Жылдызбек Турганов.
2021-жылы “Биздин кылым” уюму өз баяндамасында «Кыргызстандагы өлкөгө берилген бардык финансылык жардамдар катталып турган система (платформа) (amp.gov.kg) иштебей калган» деп жазган. Ушундан кийин каражаттар кайда, кантип жумшалып жатканын жайгаштыра турган бирдиктүү платформа түзүүнү (же иштеп жатканын модернизациялоо) сунуш кылган. Бирок платформа ушул кезге чейин иштей элек.
Бүтүм: Тезис чындыкка дал келбейт. Жетиштүү сандар келтирилбеген, талдоо жасалган эмес. Мамлекеттин экономикалык жана социалдык жактан артта калуусу донорлордун акча бөлүүсүнөн эмес, ошол каражаттарды жабык, коррупциялык жолдор менен бөлүштүрүүдөн улам келип чыгууда.
№5-тезис: «Азиялык мамлекеттерге адамдын эркиндиги боюнча укук ылайык келбейт»
Эмгек сиңирген юрист Укушевдин пикири боюнча, Кыргызстан өз багытын “азиялык демократияга” бурушу керек, ал Сингапурду, Түштүк Кореяны, Кытайды, Малайзияны жана Вьетнамды мисалга тартып, “диктаторлор күчтүү мамлекеттерди курушканын” келтирет.
— Көпчүлүк азия өлкөлөрүндө адамдын эркин жана индивидуалдуу болуу укугу таанылбайт, жаран социумдун ажырагыс бөлүгүп болуп эсептелет. Башкача айтканда батыш коомунун негизги либералдык баалуулугу – “адамдын эркин болуу укугу” азиялык өлкөлөргө ылайык келбейт, – деп жыйынтык чыгарат Укушев.
Анын айтымында, азиаттар жаматтык пайданы, мамлекеттин кызыкчылыгын өз кызыкчылыктарынан жогору койгон. СССРде ушундай болгон, албетте, бул батыш демократиясына карама-каршы келет, – дейт Укушев. Юридиканы чаккан аткаминердин пикири боюнча бардыгы жаматтык болууга, патернализмге, коомдук пикирдин артыкчылыктуу болуусуна негизделип, диктатордун катуу колунда болушу керек экен.
Мындай пикир олуттуу шектенүүлөрдү жаратат. Биринчи кезекте “азиаттар” деген кимдер жана алардын бардыгын бир катарга коюуга болобу?
Азыркы тайвандыктардын, түштүк кореялыктардын, япониялыктардын же малайзиялыктардын көпчүлүгү маданиятынын башка болгондугу үчүн аларга демократия ылайык келбейт дегенге макул болушпаса керек. Түштүк Корея жана Тайвань 1980-жылдарда эле авторитардык капитализмдин аягына чыгып, демократиялык кайра курууларды баштан кечиришкен, азыр болсо буга чейин болуп көрбөгөндөй гүлдөп, өнүгүп бара жатышат. Демократиялык башкарууда жашаганы үчүн азыр Япония, Малайзия жана Гонконг дүйнөнүн эң бир бакубат жана өнүккөн өлкөлөрүнүн катарында.
Ал эми кыргыздарды алсак, байыркы көчмөн элдин бири катары анын канында, эстутумунда эле демократиянын башаты болгон. Кыргыз эли тарыхый жактан да автократияга чыдай албайт (кошуналардан айырмаланып, кыргыздарда чындыгында хан болгон эмес), аларда демократия институттары өнүкккөн: тең укуктуулук, тандоо, сөз эркиндиги. Акыркысы кыргыздар үчүн абдан чоң мааниге ээ болгон. Ошон үчүн кыргыздын атактуу төкмө акындары ошол кездеги бийликтин – байлар менен бийлердин көзүнө тике карап чындыкты айтып келишкен.
Элдик оозеки чыгармачылыктын туу чокусу болгон “Манас” эпосунда дагы көчмөн демократия берилген. Ошон үчүн эпосто байыркы кыргыз элинин жашоосунун чар тарабын, анын ичинде социалдык саясий жааттагы жашоосун окуп билүүдө абдан даана жана кызыктуу чагылдырылган булак болуп эсептелет. Анткени эпосто айтылган ар кандай окуялардын бардыгы чыныгы тарыхый окуялардын чагылдырылышы болуп жатпайбы.
Байыркы эпостон Айкөл Манастын кырк чоросунун тең укуктуулугун көрүүгө болот: алардын ар бири өз максаты менен кызыкчылыгын тандоодо эркин; аскер башчылары керек болсо хандар да шайлоо аркылуу тандалган; маанилүү маселелердин бардыгы жалпы жыйында – курултайда чечилген.
Ал эми Манастын өзүн Алтай кыргыздары демократиялык негизде өздөрүнө хан катары шайлап алышкан (бийлик ага мураска калган эмес). Манас да бийликти жеке өзү ээлеп алган эмес, мисалы Бээжинге болгон жүрүштө башкаруучулукту даанышман Бакайга, андан кийин Алмамбетке берген. Көп учурда Манасты өзүнүн тарапташтары ачык эле сындап турушкан, натыйжада ал сынды угуп, чечимин өзгөртүп турган.
Бүтүм: Жогорудагы тезисти тастыктаган маалыматтар табылган жок. Ал эми Азия континентинде өтө жогорку экономикалык жетишкендиктерге жеткен эркин, демократиялык мамлекеттер бар.
№6-тезис: «Экономика үчүн демократияга караганда автократия эффективдүү»
Президенттик аппараттын аткаминеринин айтымында, Кыргызстанга азыр стабилдүүлүк жана күчтүү экономика керек, ал эми демократиялаштырууну “кайсы бир учурга чейин” экинчи планда калтырып коюуга боло берет. Андан көрө тартип жана баш ийүү биринчи орунда болушу зарыл.
Иш жүзүндө абдан өнүккөн мамлекеттердин бардыгы демократиялык режимде жашайт, мындай шартта демократиялык мамлекеттер көп учурда ийгиликке жетишээрин көрсөтүп турат. Бирок, автократтар да экономикалык жактан ийгиликтүү болгон үлгүлөр бар. Мисалы, Чилинин генералы Аугусто Пиночет аскердик төңкөрүштөн жана массалык репрессиядан кийин өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн темпин көтөрө алган.
Укмуштай экономикалык өсүштөн кийин демократиялык режимге өтүп андан ары дагы гүлдөп өскөн өлкөлөр бар (Түштүк Корея, Тайвань). Бирок, диктатура көп учурда кыска убакытка болгон экономикалык өсүштөн кийин, кайра өтө төмөн экономикалык деңгээлге түшүргөн же экономикалык теңсиздикке алып келген.
Бул таңгала турган нерсе эмес, себеби ийгиликсиз демократияга караганда ийгиликсиз диктатуранын мисалдары арбын.
Зимбабвенин деспот лидери Роберт Мугабе кыска экономикалык өсүштөн кийин өлкөнү узакка созулган кризиске каптап коюп, миллиондогон адамдар жакырчылыктын азабын кандайча тартып жатканын жөн гана байкап турган. Коммунисттик Кытайда адегенде жакырчылыкты жок кылуу боюнча дүйнөдө болуп көрбөгөн эң бир масштабдуу иштер жасалып, андан кийин ресурстар менен материалдык жыргалчылыктарды бөлүштүрүүдөгү өтө чоң теңсиздик орун алган одоно коррупциялык система пайда болгон.
Россиянын президенти Владимир Путин Ельциндин башкаруусунан кийин “тизелеп турган Россияны бутуна тургузуп”, милитаристтик улутчулдук жолоюна түшүп, өз башкаруусунун социалдык-экономикалык кемчиликтерин жашыруу үчүн, Украинага согуш ачты.
Ушундай эле ишти бирок башка каражаттар менен Венесуэлада президент Николас Мадуро көрсөтүп жатат: гиперинфляция, экономиканын кургуйга кулашы жана миллиондогон качкындар.
Шри-Ланканын мурдагы президенти Махинда Раджапакса, кытай кредитине рекорддук темп менен порт куруп, аны укмуштай чыгашага батыргандыктан, акырында Пекин бул портко көзөмөлдүк кылууну 99 жылга өз колуна алды. Ал эми кошуна Индиянын экономикасы анын премьери Нарендра Модинин ири купюраларды айлантуудан алып салуу боюнча күтүлбөгөн демилгесинен алсырап турат: бул чара негизи коррупцияга каршы болгон, бирок ал иш жүзүндө калктын эң жакыр жашаган катмарын белге чапты, себеби алар накталай акча менен гана оокат кылып келишкен.
Бүтүм: Тезис чындыкка туура келбейт. Авторитаризм коомду жана мамлекетти өнүгүүгө алып келбейт. Автократиялык башкаруунун логикасы мында, бийликти эч нерсеге карабай кармап туруу үчүн, диктаторлор өлкөнү экономикалык кыйроого алып барууга да даяр.
№7-тезис: «Кыргызстан азиялык демократияны курууга тийиш»
Президенттик аппаратта иштеген аткаминердин оюна караганда, Кыргызстан батыштык эмес, азиялык демократияны курууга тийиш.
— Кыргызстан үчүн идеал АКШ, Германия же Швейцария эмес, Түштүк Корея жана Сингапур болууга тийиш, – деп жазат Укушев.
Буга чейин айтылгандай, мамлекет үчүн демократиянын даяр, универсалдуу үлгүсү жок. Азиялык өлкөлөр үчүн дагы.
Ар бир адам өз жолу менен гана жашайт, өнүгөт, ийгиликке жетишет. Ушул сыңары мамлекет деле уникалдуу тарыхый шарттардын жана маданий салттардын туундусу болуп эсептелет, өзүнүн гана өзгөчө максатын көздөйт, аларга жетүү үчүн өзүнүн өзгөчө куралдарын колдонот.
Ошон үчүн демократиялык саясий системаны кайсы бир мамлекеттин саясий системасын сокур көчүрүп алуу аркылуу түзүү мүмкүн эмес. Политологиядан, мамлекеттин теориясы жана укугунан алыс адам гана Кыргызстанга “сингапур демократиясы” жарашат, ал эми “немис демократиясы жарашпайт” деп айтышы ыктымал.
Бирок дүйнөлүк тажрыйбадан алуу зарыл жана ал керек. Мисалы, батыш демократиясынан укуктун үстөмдүгү менен мыйзам алдындагы теңдикти, токтотуу жана теңдештирүү (каршы салмак) тутумун, көз карандысыз сот системасын курууну үйрөнсө болот.
Ар түрдүү өлкөлөрдүн улуттук маданияттарына европалык сабырдуулук, бардык мыктыларды өздөштүрүү жана дүйнөлүк маданияттын жетишкендиктери менен бара-бара өз ара байытууга мүмкүндүк берет. Чынында Кыргызстанда эле 80ден ашык этностордун жана бардык дүйнөлүк конфессиялардын өкүлдөрү жашайт эмеспи.
Президентке караштуу аткаминер Укушев көп жолу келтирген Ли Куан Юдан коррупцияга каршы күрөшүүнү, кадрларды туура тандай билүүнү жана таңгаларлык тартипке үйрөнсө болот.
Сингапурдун биринчи премьер-министри, “экономикалык кереметти” жаратуучулардын бири Ли Куан Ю
Ли Куан Ю кадр маселесине ар дайым өзгөчө маани берип келген. Ал бардык тармактарга таланттуу, эмгекчил адистерди алардын кулк-мүнөзүнүн кээ бир сапаттары жакпаса да да кызматтарга көтөргөн. Ал эми кызматтык милдеттерин аткара албаса, өтө жакын адамдарын да кызматтарынан тез эле бошоткон.
Өлкө башчысы сингапурдуктардын көп китеп окуусун, англис тилин үйрөнүүсүн, илим каныгуусун, искусствого кызыгышын жана спорт менен машыгуусун камсыз кыла алды.
Ли мекендештерин бир топ бай кылса да, алардан акчаны шамалга сапырбай, жупуну жашоону талап кылган. Ал өзү да ушундай талаптарга жооп берген шартта жашаган: терең билимдүү, чынчыл, күнүмдүк турмушта ашыкча эч нерсе талап кылбайт.
– Эч кандай керемет жок. Болгону талыкпаган эмгек жана тынымсыз өзүн-өзү тарбиялоо, катуу тартип жана адеп-ахлак гана бар, – деп жооп берген Ли Куан Ю.
Ооба, “сингапур кереметин” сибариттер менен наадандар эмес, тартиптүү, өжөр, билимдүү тырышчаак адамдар курган.
Бүтүм. Тезис конкреттүү фактылар менен бекемделген эмес. Кыргызстан адамдардын эркиндигин, тең укуктуулугун жана бактылуулугун камсыз кылууга максималдуу салым кошо турган, ошондой эле дүйнөлүк тажрыйбанын эң мыкты үлгүлөрүн алган өзүнүн демократиялык системасын түзүшү керек.
Кыргызча эклектизм жана орус пропагандасын жайылтуу
Саясат таануучу Эмил Жураев Укушевдин макаласын сындады.
— Көп жылдардан бери демократияны окутуп келе жаткан адам катары дароо айта кетейин, бул макалада каталар толо, пропаганда поэзия катары, же фарс катары берилип жатат. Кыскасын айтканда, ушундай адамдар биздин президентке кеңеш берип жатса, анда баш чайкоодон башка арга жок, — деп жазган Жураев.
Буга дагы жалган маалымат менен манипуляцияны кошсоңуз, анда чылгый эле кыргызча эклектизм болууда, Кудайдын белеги менен жумуртка аралашкан чалмакей…
Укушевдин айткан сөзү орус пропагандасынын бал тилин да аябай эске салып турат, алар да “салттуу баалуулуктарды” жана “адеп-ахлакты” коргоо менен аларды “бузулган” батышка жана европалык демократияга каршы коюшат эмеспи.
Сындын негизги объектиси, албетте, ЛГБТ коомчулугу болду. Батыш демократиясынан мындан башка нерсе табылган эмес. Ал эми негизги демократиялык институттардын зарылчылыгын: аткаминерлердин эл алдындагы жоопкерчилиги, сөз эркиндиги, көз карандысыз соттор жөнүндө Укушев унчукпай кутулгусу келген.
Россияда Батыш демократиясын жасалма душманга айлантып, анын аркасы менен массалык коррупцияны, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү анан албетте, Украинага согуштук баскынчылыкты актап жатат.
Укушевдин бул макаласы Кыргызстанга келечекте авторитаризмди таңуулоого эле кадимки даярдык, ошондой эле азыркы саясий режимдин бардык кемчиликтерин жана каталарын актоо аракети сыяктуу көрүнөт. Көрсө, Кыргызстандын бардык балээлери… ЛГБТ коомчулугунан жана батыштын акчасынан экен.
Бирок суроо бар: эгерде бүтүндөй Батышка бойкот жарыяланып жатса, анда Кыргызстандын бийлиги эмне үчүн дагы эле алакан жайып грант, кредит сурап, бюджетти ошол акчадан толуктап, ТЭЦке көмүр, электр энергиясын сатып алып, алардын акчасына ГЭСтерди куруп жатышат? Эгер мунун баары эки жүздүүлүк болбосо, балким Мурат Каниметович Укушев өзү батыштын акчасынан улам “90-жылдары экономиканы, социалдык тармакты жоготуп алдык” деп жазгандай, бийликти андан баш тартууга чакырбайбы? Батыштын акчасынан такыр баш тартып, өз маңдай тери менен тапкан жана маданий, салттуу акчасына жашап көрбөйбү?