Үч жылга Нарын менен Ысык-Көл облустарындагы жапайы жаныбарлардын айрымдарын атууга тыюу салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, 2023-2026-жылдары Ысык-Көл жана Нарын облустарында Марко Поло, тоо аркары, тоо эчкиси, элик, каман жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынды.
Буга чейин Кыргызстан боюнча Марко Поло, тоо аркары, тоо эчкиси, элик, каман жана уларга аңчылык кылууга тыюу салынаары кабарланган болчу.