Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары уланууда

Бишкекте Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин мамлекеттик сапары уланууда.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, мамлекеттик сапардын экинчи күнү эки лидердин расмий жолугушуусу менен башталат.

«Андан ары мамлекет башчылары тар жана кеңейтилген курамда кыргыз-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүнүн маселелеринин кеңири топтомун, ошондой эле достук, боордоштук жана ынак коңшулук маанайдагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүү пландарын талкуулашат», — деди ал.

Султанбаев кошумчалагандай, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландалууда, андан соң Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев прессага билдирүү жасашат.

Мамлекеттик сапардын иш-чаралары УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык тармактардагы баракчаларында түз алып көрсөтүлөт.

Түз эфир саат 11:00дө башталат.