Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилди

Бүгүн, 26-январда Бишкекте жана Чүйдө айрым көчөлөргө убактылуу чектөө киргизилди. ИИМдин маалыматына ылайык, чектөө эртең, 27-январда да болот.

Белгилесек, бул күндөрү Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев иш сапары менен Бишкекте болот.

Өлкөгө келген делегациянын кортежинин каттамы учурунда төмөнкү көчөлөрдө чектөө болот:

  • «Манас» аэропортунан Бишкекке чейин;
  • Фучик көчөсү Чүй кең көчөсүнө чейин;
  • Чүй кең көчөсү Фучик көчөсүнөн Манас кең көчөсүнө чейин;
  • Манас жана Ч.Айтматов кең көчөсү Мамлекеттик резиденцияга чейин;
  • Д.Садырбаев көчөсү мамлекеттик резиденциядан «Ата-Бейит» мемориалдык комплексине чейин.

«Мамлекеттик маанилүү иш-чаранын өтөрүнө байланыштуу шаар тургундарын, меймандарын чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, алдын ала маршрут түзүп алууга чакырабыз. Ошондой эле жогоруда аталган көчөлөргө унааны токтотпоону суранабыз», — дешет министрликтен.