
Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын 20-январь күнү Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун аймагында жаран “Б” баңгизатты колдонуп жана сактап жүргөндүгү туурасында ыкчам маалымат алынган. Бул маалымат Кара-Суу РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. 2023-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүмүндө (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө аракеттеринин жүрүшүндө жаран “Б” Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагынын тургуну 33 жаштагы С. Б. экендиги аныкталган.
2023-жылдын 21-январында Чоң-Алай районунун Шиман жайлоосунда изин жашырып, качып жүргөн жеринен кармалып, кечиктирилгис тинтүү жүргүзүлгөн кезде жанынан кескин жыты бар заттар табылып алынган.
Табылып алынган заттарга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Кылмышка шектүү катары кармалган Б.С Кара-Суу РИИБдин Тергөө кызматына жактоочусунун катышуусунда көрсөтмө берди. Шектүү Б.С. буга чейин алдамчылык, жасалма документтерди даярдоо, бейбаштык, баңгизатын ири ѳлчѳмдѳ сактоо боюнча 4 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөө мезгилинде дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык жанынан чыккан кагазга оролгон заттын таза салмагы 0,383 мг. канабис чайыры – гашиш, ал эми курткасынын чөнтөгүнөн алынган зат 28, 655 гр. кургатылган марихуана экендиги аныкталды.
2023-жылдын 21-январь күнү 33 жаштагы С.Б Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелеринин талаптарына ылайык Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда аталган кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери жүргүзүлүп жатат.
