Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын Басма сөз кызматы билдирди.
2023-жылдын январь айдын 13-күнүнөн 19-күнүнө чейин Бишкек шаарынын айланасында, Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жол кырсыктарын алдын алуу багытында жүргүзүлгөн рейддик иштердин жыйынтыгында, жол эрежелерин одоно бузган 5380 эреже бузуучуларды аныкташты, анын ичинен:
- 37 Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу;
- 27 Транспорт каражатынын алдыңкы эшиктеринин каптал айнектерин күңүрттөтүү;
- 43 транспорт каражатын тиешелүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү же транспорт каражатын каттоочу документи жок башкаруусу;
- 124 Жөө жүрүүчүнүн жол кыймылынын эрежелерин бузуусу;
- 1146 Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу;
- 3328 башка бузуулар;
- 675 унаа атайын токтотуучу жайга токтотулду.
Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы жол кыймылынын бардык катышуучуларына эскертет. Эсиңизде болсун, жолдогу жүрүм-турумуңузга өзүңүздүн гана эмес, айланаңыздагы адамдардын да коопсуздугу көз каранды. Жол эрежесин так сактап, ылдамдыкты ашырбай айдаңыз.