УКМКнын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулду

Бүгүн, 17-январда, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгынын Тогуз-Торо райондук бөлүмчөсү жаңы имаратка көчтү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эми аталган бөлүмдүн кызматкерлери заманбап жабдуулар менен камсыз болгон, жумуш үчүн зарыл болгон бардык шарттары бар жаңы имаратта кызматтык милдеттерин аткарып баштады.

Имараттын ачылуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилик курамы жана өздүк курамы, УКМК ардагерлери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Камчыбек Ташиев кызматкерлерге жаңы имаратты тапшырып жатып, алардын кызматтык милдеттерин так аткарууга тийиш экендигин эскертти.

Мындан ары дагы мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон шарттарды жакшыртуу, заман талабына шайкеш келтирүү жумуштары уланаарын кошумчалады.

Ачылуу аземинен соң, Камчыбек Ташиев Тогуз-Торо районунун жашоочулары менен да жолугушту. Аксакалдар менен пикир алмашып, кызыктырган суроолорго жооп берди.