
Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда жаңы жыл алдында төрөлгөн үч эмдин бирөө чарчап калды. Маалыматты аталган медициналык мекемеден тастыкташты.
Дарыгерлердин айтымында, 29-декабрда кесарево жолу менен үч эм (эркек балдар) төрөлгөн. 6 суткадан кийин алардын бири чарчап калды. Эне жана балдар төрөт бөлүмүндө жатышкан. Чарчап калган наристенин салмагы 2 килограмм 300 грамм болгон. Ага ара төрөлүү диагнозу коюлган.
Учурда эки ымыркай аталган борбордо жатат.