Тилекмат Күрөнов: “Оппозициялык “Күч” бириккен элдик кыймылы түзүлдү”

Жарандык активист Тилекмат Күрөнов “Күч” бириккен элдик кыймылы түзүлгөнүн жарыялады.

Бул тууралуу ал Фейсбуктагы постунда билдирди.

Анын айтымында, кыймыл өлкөнүн эртеңки келечегине кайдыгер эмес Кыргызстандын жарандары тарабынан түзүлдү.

“Урматтуу Кыргызстандыктар. Бүгүнкү күнү өлкөдө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, мамлекеттин бүгүнкүсүнө жана эртеңки келечегине кайдыгер эмес Кыргызстандын жарандары тарабынан “Күч” Бириккен Элдик Кыймылы түзүлдү. Бул кыймыл бардык жүрөгү “Мекен” деп соккон мекендештердики, жалпыбыздыкы.

Элибиз тезинен бир муштум болуп ынтымакка келип, чечкиндүү кадамдарга барбасак мамлекетибиздин бардык баалуу, стратегиялык рычагдарынан айрылып калуу коркунучу турат.

Эки үй-бүлөнүн кландык башкаруусуна каршы туруп, саясий жана укуктук башаламандыктарга мындан ары жол бербеш үчүн биригип “Күч” боло турган учур келди.

Мамлекетибиздин келечегин, адилеттүү өлкө курабыз деген аруу максатыбызды мыйзамсыз бийлике тебелетпейли. Мындан ары кол куушуруп карап отурууга эч кимибиздин акыбыз жок”, — деп жазды ал.

Буга чейин ИИМдин Тергөө кызматынын башчысынын орун басары Нурдин Эшимкан Тилекмат Күрөновго издөөгө алынганын айткан.

Белгилей кетсек, буга чейин жарандык активист Тилекмат Күрөнов саясий куугунтуктан улам Кыргызстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгонун билдирген. 

Издөөдөгү активист Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүшүнө каршы чыгып, суу сактагычты коргоо комитетинин мүчөсү болгон.