
Социалдык тармактарда Ысык-Көлдүн тоңгон сейрек учуроочу көрүнүшү тартылган видео жарыяланды.
Соцтармактын колдонуучуларынын маалыматына ылайык, видео Ысык-Көл районунун Өрүктү айылындагы көлдүн жээгинде тартылган.
Буга чейин Кыргызгидромет борборунан Кыргызстанда ызгаардуу суук болжол менен 17-январга чейин созуларын, 19-20-январда абанын температурасы бир аз жогорулай тургандыгын билдиришкен.
