Айбек Маткеримов Бишкектеги райондун бирине Курманбек баатырдын ысымын берүүнү сунуштады

Депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин 12-январдагы жыйынында Бишкектин райондорунун аталышын өзгөртүү маселесине токтолду.

Анын айтымында, учурда борбор калаанын төрт районунун аталышын өзгөртүү маселеси талкууланып жатат жана алардын бирине Курманбек баатырдын ысымын ыйгаруу мүмкүн. «Курманбек» эпосу биз үчүн «Манас» эпосу сыяктуу эле маанилүү», — деди Маткеримов.

Эскерте кетсек, буга чейин Элдик курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Бишкек шаарындагы райондордун атын кыргызчалоо сунушун айткан. Төраганын бул билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууну жараткан. 

Ал гана эмес, Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журова аталган билдирүүгө нааразычылыгын билдирип, Украинага салыштырган.