Чүйдө өспүрүмдөрдүн калайман мушташы катталып, алардан пневматикалык курал табылды

Панфилов районунда өспүрүмдөрдүн калайман мушташы орун алды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

c6a3fa3d f503 4c61 a989 22b8c4e0b363 Чүйдө өспүрүмдөрдүн калайман мушташы катталып, алардан пневматикалык курал табылды

Маалыматта айтылгандай, окуя 27-декабрда Кайыңды шаарында болгон. Аталган шаардын жана Панфиловка айылынын өспүрүм тургундары мушташа кетип, 17 жаштагы бала ур-токмокко кабылып, телефонун алдырып жиберген.

Факт Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин “Ээн баштык” беренесинин негизинде каттоого алынды. Шектүү катары 17-21 жаштагы эркектер кармалганы, алардын арасынан пневматикалык курал табылганы жана бирөө милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынганы кабарланды.