Сотто Нарматова эсин жоготуп кулап түштү

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү кароо уланды.

Учурда сотко алынып келинген активист Орозайым Нарматова эсин жоготту. Ал абакта 14-декабрдан бери ачкачылык кармап жатат.

Буга байланыштуу процесс 28-декабрга саат үчкө жылдырылды.