Баткенде алдамчылыкка шектелген жаран кармалды


Баткен районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 26 жаштагы тургуну Н.У. 2022-жылдын апрель айында youtube аркылуу лотерея ойноткон жарандын М-Ваnk капчыгына 99 миң сом акча которгонун жана бүгүнкү күнгө чейин лотерея ойнотпой, качып жүргөнүн билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул арыз Баткен РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.


Баткен РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында лотерея ойнотом деген жарандын өздүгү аныкталып, 2022-жылдын 21-декабрь күнү Лейлек районунун Раззаков шаарынын тургуну 23 жаштагы Б.Н. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.


Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы