ЕАЭБ аймагында өндүрүүгө сунушталган дарылардын тизмеси бекиди

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) аймагында өндүрүүгө сунушталган дары-дармектердин тизмеси бекитилди. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) басма сөз кызматы билдирди.

«ЕЭК коллегиясы 20-декабрдагы жыйынында ЕАЭБде 2024-жылга чейин өндүрүштү камсыз кылуу сунушталган медициналык багыттагы дары-дармектердин жана фармацевтикалык субстанциялардын тизмеси боюнча сунуштаманы жактырды», — деп айтылат шаршемби күнү маалыматта.

ЕЭК «азыркы катаал экономикалык реалдуулукту эске алуу менен» «бул тизме Биримдиктин дары-дармек коопсуздугун камсыз кылуу үчүн баштапкы чекит болуп калат» деп күтөт.

Документ ЕЭК өнөр жай блогу тарабынан Биримдик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу ведомстволору менен бирдикте ЕАЭБ мамлекеттерин стратегиялык маанилүү дары-дармек каражаттары жана медициналык колдонуу үчүн фармацевтикалык субстанциялар менен камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатуу боюнча тийиштүү иш-чаралар планын ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.

Тизмени түзүүдөн тышкары, планда вакциналардын биргелешкен өндүрүшүн уюштуруу маселесин иштеп чыгуу, дары-дармектерди жана фармацевтикалык субстанцияларды өндүрүү чөйрөсүндөгү кооперативдик долбоорлорду каржылоо боюнча сунуштарды даярдоо, бажы-тарифтик жөнгө салуу чараларын иштеп чыгуу камтылган