Кара-Балта шаарында ишкерди өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Аталган башкармалыктын маалыматына караганда, 29 жаштагы Д.Б. аттуу адам Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге киргизилди.
«2022-жылдын июнь айында шектүүнү маркум ишкер Х.И. унаасы менен сүзүп кеткен. Ишкер күнөөсүн мойнуна албай, орой сөздөрдү айтып, окуя болгон жерден кетип калган. Буга таарынган Д.Б. ишкер Х.И.ны өлтүргөн», – деп айтылат министрликтин маалыматында.
Эске салсак, 1-декабрда Кара-Балта шаарында ишкердин жансыз денеси табылган. Ал кишинин башына ок тийген.