Коррупционерлердин колун кесип, атууга бериш керек, — Тазабек Икрамов

Кыргызстанда коррупционерлердин колун кесип, атууга бериш керек.

Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда Жогорку Кеңеште, «Бишкек шаарында тиричилик калдыктарын башкаруу системасын жакшыртуу» долбоору боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Жыйында Иркамов аталган долбоор үчүн алынган каражаттын бир бөлүгү жоголгонун, ал үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбаганын билдирди.

«Кыргызстандын ички жана тышкы карызы күндөн күнгө көбөйүп бара жатат. Мамлекетти кантип алдыга жылдырабыз, кантип казынаны толтурабыз дегенде, мен, казынанын тешигин жабыш керек дегем. Казынанын тешиги күндөн күнгө чоңоюп бара жатат. Мамлекеттик жумушка келгендердин баары коррупционер болуп алды. Алтынчы чакырылышта, коррупционерлер, алардын балдары мамлекеттик жумушка келбесин деген мыйзамды алып чыккам. Бирок колдоо таппай калган», — деди депутат.