
Жалал-Абад шаарында милиция кызматкерлери дөңгөлөк уурдагандарды кармады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Жалал-Абад ШИИБге 28 жаштагы жаран арыз менен кайрылып, 2022-жылдын 23-ноябрына караган түнү саат 02:00 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйдүн алдында токтоп турган “ДЭУ Матиз” үлгүсүндөгү автоунаасынын дөңгөлөктөрүн белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткендигин билдирген. Ушундай эле арыз менен шаардын дагы 6 тургуну милицияга кайрылган.
Бул окуялар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КБРне Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (Уурдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад шаарында жүргүзүлүп жаткан “Укук-тартип” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы учурунда бул кылмыш ишинин бети ачылган.

Жалал-Абад ШИИБдин участкалык инспекторлору жана Балдар иштери боюнча инспекциясынын кызматкерлери тарабынан кылмыш ишине шектүү катары Сузак районунун Көк-Арт айыл аймагынын тургундары 1998-жылы туулган А.Ө. жана М.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


