
Шамбетова Махабат Амантуровнаны архитектура, курулуш жана транспорт боюнча кеңешчиси кылып дайындады. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдирди.
Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
РЕЗЮМЕ
Ал 1986-жылы 4-июнда төрөлгөн.
Билими:
2003-2008-жылдары — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетининин «Инженер» адистигин, салттуу эмес кайра жаралуучу энергия булактары (жылуулук энергетикасы);
2008-2010-жылдары — Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде. «Айлана-чөйрөнү коргоо» адистиги боюнча магистр, «Өнөр жай экологиясы жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу (энергияны үнөмдөө)» адистиги;
2010-2012 — Кыргызстан Эл аралык университети.
Иш тажрыйба:
2008-2009-жылдары — «Бишкекжылуулукэнерго» МИнин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жылуулук тармактары боюнча инженери
2010-жылы «Бишкекжылуулукэнерго» МИнин өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн жылуулук тармактары боюнча инженери.
2010-2015-жылдары — «Бишкекжылуулукэнерго» МИде өндүрүштүк-техникалык бөлүмдүн башчысы.
2015-2018-жылдары — Инженердик инфраструктура бөлүмүнүн башчысы
2018-2021-жылдары – «Бишкекглавархитектура» МИнин инженердик жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башкы инженери, башчысы.
2021-2022 — «Бишкекглавархитектура» муниципалдык мекемеси.
Тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Бишкек шаардык кеңешинин Ардак грамотасы, Улуттук энергохолдингдин төш белгиси менен сыйланган.
Кыргыз, орус, англис, жапан тилдерин билет.

