
Бишкек шаарынын мэри кызматтан кетти деген кептер – ушак. Бул тууралуу Вulak.kg редакциясына мэриядан билдиришти.
“Калаа мэри өз кызматында мурункудай эле иштеп жатат”, – деп айтылат мэриянын маалыматында.
Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кызматын тапшырганы тууралуу ушак-кептер жана такталбаган маалыматтар тараган.
