ИИМ жетекчилиги Элдик Курултайда жарандардын кайрылууларын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Элдик Курултайга катышкан делегаттарды кабыл алды.


Республиканын бардык жеринен келген делегаттар элдин коопсуздугун камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ролу чоң экенин белгилешти.
Мындан тышкары, делегаттардын арыздарын ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов жана ИИМдин кызматтарынын жана башкы башкармалыктарынын жетекчилери кабыл алышты.
Элди кабыл алууда 40 жакын кайрылуулар түштү, арасында ички иштер органдарынын кызматкерлеринин оор ишине ыраазычылык билдиргендер дагы аз эмес.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков делегаттар тарабынан түшкөн кайрылуулар, айтылган сунуштар эске алынарын белгиледи.


«Ар бир жарандын арызы, кайрылуусу, суроосу жоопсуз калбайт. Биздин башкы максат – элдин тынчтыгын жана коопсуздугун камсыздоо»,- деп билдирди Улан Ниязбеков.
ИИМдин жетекчилиги арыз менен кайрылган ар бир делегаттын маселелерин карап чыгып, тиешелүү чаралар көрүлө тургандыгын билдирди.

WhatsApp Image 2022 11 26 at 17.17.41 ИИМ жетекчилиги Элдик Курултайда жарандардын кайрылууларын кабыл алды
WhatsApp Image 2022 11 26 at 17.17.42 2 ИИМ жетекчилиги Элдик Курултайда жарандардын кайрылууларын кабыл алды
WhatsApp Image 2022 11 26 at 17.17.40 ИИМ жетекчилиги Элдик Курултайда жарандардын кайрылууларын кабыл алды
WhatsApp Image 2022 11 26 at 17.17.42 1 ИИМ жетекчилиги Элдик Курултайда жарандардын кайрылууларын кабыл алды
WhatsApp Image 2022 11 26 at 17.17.41 1 ИИМ жетекчилиги Элдик Курултайда жарандардын кайрылууларын кабыл алды

ИИМдин Басма сөз кызматы