Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелери боюнча келишим чек ара тилкесиндеги төрт суу ресурстарын камтыйт. Бул тууралуу депутат Чыңгыз Айдарбеков Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, тараптар Орто-Токой суу сактагычы, Кемпир-Абад суу сактагычы, Гавасай дарыясы жана Чечме булагы боюнча чечим кабыл алышкан.
«Бир күн мурун Өзбекстандын премьер-министри өлкө стратегиялык максаттарга жеткенин айткан. Келишимде төрт суу ресурстары камтылган. Кыргызстан Гавасай дарыясынын агымына эч кандай техникалык курулуштарды курбоого жана суунун техникалык коопсуздугун камсыздоого милдеттенет. Эмне үчүн биз мындай милдеттенмелерди алабыз? Кошумчалай кетсек, Кадамжайдагы Чечме Булак ишканасын биргелешип башкаруу боюнча өзүнчө келишим кабыл алынары айтылууда. Келишим кичине тамгалар менен жазылгандыктан окуу кыйын, атайын жасалган», – деди Айдарбеков.
Айыл чарба министрлигине караштуу Жер ресурстары кызматынын директору Абдулат Мырзаев комиссия ушундай чечим чыгарган деп жооп берди.
Чыңгыз Айдарбеков буга мисал катары тажик-өзбек чек арасындагы Фархад суу сактагычы боюнча келишимди атады.
«Бул суу сактагычка 49 жылдык мөөнөткө өзгөчө статус берилген. Көзөмөлдү Тажикстан жүргүзөт, ал эми Өзбекстан көзөмөлдөйт», – деди ал.
Депутат Кемпир-Абад суу сактагычын курууга бөлүнгөн жерлерге компенсация төлөнүп берилгенин айтып, министрлер кабинетинин кызматкерлеринен терминдерди чаташтырбоосун өтүндү.
«Келишимде алмашуу деген сөз жок, компенсация бар. Алар бизге суу сактагыч курууга бөлүнгөн сугат жерлерибиздин ордун толтуруп бериши керек болчу. Бирок компенсация болгон жок», – деди Чыңгыз Айдарбеков.