Кайрадан «Мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-Абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

%d0%b3%d0%bb%d0%b0%d0%b2 кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

31.10.2022 Т-медиа Жаңылыктар 0

24-октябрда Жалал-Абад шаарында бийликтин иш-аракеттерин колдогон митинг өттү. Иш-чаранын катышуучулары бийликтин кылган жумуштарын жактаган. Ошондой эле алар бүтүндөй Жалал-Абад облусунун атынан президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге колдоо көрсөтөрүн айткан. 

https://www.facebook.com/plugins/video.php?height=314&href=https%3A%2F%2Fwww.facebook.com%2Fakniet.keneshov.90%2Fvideos%2F508314457603866%2F&show_text=false&width=560&t=0

«Т-Медиа» митингдин уюштуруучуларынын айрымдарынын өздүгүн аныктады.

Эмил Айткулов

Видеодо сүйлөп жаткан кишинин артында турган адам Айткулов Эмил Кадыржанович. Шайлоочулардын тизмесинен ал Жалал-Абад облусунун Сузак районунда добуш бергени маалым болду.

%d1%81%d0%ba%d1%80%d0%b8%d0%bd %d0%b0%d0%b1%d0%b4%d1%80%d0%b0%d0%b7%d0%b0%d0%ba%d0%be%d0%b2 кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Ал социалдык түйүндөрдө бийлик өкүлдөрү менен түшкөн сүрөттөрүн байма-бай жүктөп турган. Мисалы, Ош шаарынын экс-мэри, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Сарбашов менен түшкөн сүрөтүн киргизген. 

%d1%81%d0%b0%d1%80%d0%b1%d0%b0%d1%88%d0%b5%d0%b2 %d0%bc%d0%bd кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Айткулов Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Ашим Тагаев менен түшкөн сүрөтүн да жүктөгөн. 

%d1%83%d0%b2%d0%b4 %d0%bd%d0%b0%d1%87%d0%b0%d0%bb%d1%8c%d0%bd%d0%b8%d0%ba %d0%bc%d0%bd кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

«Инстаграмдагы» баракчасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырып, ага «мекенчил бол» деген баяндама жазган. 

%d0%a2%d0%90%d0%a8%d0%98%d0%95%d0%92 %d0%bc%d0%bd кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Эмил Айткулов 2020-жылы парламент төрагалыгына шайланган Канат Исаевдин отставкага кетишин талап кылып, митингге катышкан.

%d0%ba%d0%b0%d0%ba%d1%82%d1%83%d1%81 кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Ошол эле жылы 10-октябрда «Ысык-Көл» мейманканасынын алдында Садыр Жапаровду колдоп чыккан.

%d0%bc%d0%b5%d0%b4%d0%b8%d0%b0%d0%b1%d0%b0%d0%bd%d0%ba %d1%80%d0%b8%d0%b0 %d0%bd%d0%be%d0%b2%d0%be%d1%81%d1%82%d0%b8 кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Төлөн Жакшыбаев

%d1%82%d3%a9%d0%bb%d3%a9%d0%bd кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Бийликти колдогон иш-чаранын дагы бир катышуучусу Төлөн Жакшыбаев. Ал социалдык түйүндөрдө активдүү. Анын»Фейсбук» баракчасынан «Мекенчил» партиясынын баш кийимин кийип түшкөн видеолорун байкадык.

%d0%ba%d0%b5%d0%bf%d0%ba%d0%b0 %d1%82%d3%a9%d0%bb%d3%a9%d0%bd кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Ушул жылдын 26-сентябрында Жакшыбаев Баткендеги болгон окуялар боюнча Ташиевдин иш-аракеттерин жактап, кайрылуу жасаган. Анда ал чек ара боюнча протоколдорду ачыктоону талап кылгандарды сынга алган.

Митингдин дагы бир катышуучусун «Мекенчил» партиясынын эл менен жолугушууларында уюштуруучулардын катарында байкоого болот.

%d0%b0%d1%82%d1%8b %d0%b6%d0%be%d0%bd%d1%83 %d0%b1%d0%b5%d0%bb%d0%b3%d0%b8%d1%81%d0%b8%d0%b7 %d0%bc%d0%b8%d1%82%d0%b8%d0%bd%d0%b3%d0%b4%d0%b5 кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?
%d0%b0%d1%82%d1%8b %d0%b6%d3%a9%d0%bd%d2%af %d0%b1%d0%b5%d0%bb%d0%b3%d0%b8%d1%81%d0%b8%d0%b7 %d0%b0%d0%b4%d0%b0%d0%bc %d0%bc%d0%b5%d0%ba%d0%b5%d0%bd%d1%87%d0%b8%d0%bb%d0%b4%d0%b5 кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Ал 2020-жылы парламенттик шайлоодо «Мекенчил» партиясы менен үгүт иштерин жүргүзгөн. 

%d0%b0%d1%82%d1%8b %d0%b6%d0%be%d0%bd%d1%83 %d0%b1%d0%b5%d0%bb%d0%b3%d0%b8%d1%81%d0%b8%d0%b7 %d0%b0%d0%b4%d0%b0%d0%bc 2 кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Учурда бул жарандын өздүгүн аныктоо мүмкүн болгон жок. 

Эске салсак: буга чейин Өзгөн жаштарынын атынан өлкө башчысы менен УКМК төрагасынын ишин жактап чыккан жаран дагы дал ушул «Мекенчил» партиясынын үгүт иштерине активдүү катышып жүргөнүн T-media аныктаган. Ал Мырза-Аке айылдык кеңешинин депутаты Жеңишбек Эргешов экени далилденген. Бирок кайсы жылдары депутат болгону белгисиз. 

%d0%b3%d0%bb%d0%b0%d0%b2%d0%bd%d1%8b%d0%b9 %d1%81%d1%83%d1%80%d0%be%d1%82 1 кайрадан «мекенчилдин» тарапташтары. Жалал-абадда бийликти колдоп митингге кимдер катышты?

Жыйынтык: Жалал-Абад облусунун атынан чыгып, бийликке колдоо көрсөткөндөр «Мекенчил» партиясынын тарапташтары. Мындан тышкары бийликке колдоо көрсөтүп, Өзгөн жаштарынын атынан кайрылуу жасаган адам дагы дал ушул партиянын үгүт иштерине катышып жүргөн.  

Булак: T-media