Чыңгыз Айдарбеков комитет төрагалыгынан алынды

Бүгүн, 20-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан чакыртылып алынды.

ЖК жыйынында аны төрагалыктан чакыртып алуу жөнүндө Токтом долбоору добушка коюулуп, аны 43 депутат колдоп, 16 депутат каршы добуш берди.

Ал арада сөз алган депутат Адахан Мадумаров, кабыл алынган чечимге нааразы пикирин айтып, «тарых кийин өз баасын берет» деген пикирин айтты.

Ал эми депутат Сүйүнбек Өмүрзаков «каршы» деп добуш берсе, «макул» деп катталып калганын айтып, оңдоп коюуну суранды.

Буга чейин Жогорку Кеңештеги беш фракциядан Чыңгыз Айдарбековду Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгынан алуу өтүнүчү түшкөн.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жетекчиси Чыңгыз Айдарбеков 19-октябрда парламенттин жалпы жыйынында сөз сүйлөп, ал комитет төрагалыгынан кетүүгө арызын жазууга даяр экенин айткан.