
Бүгүн, 19-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган министрлер келет. Бул тууралуу парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиев билдирди.
Анын айтымында, Акылбек Жапаров 20-октябрда чет өлкөгө иш сапары менен кете тургандыктан, бүгүн келүүгө уруксат берүүнү суранган.
Түшкү тамактан кийин парламент экономика тармактарын жана калктын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдыгы, чет өлкөлөрдөгү эмгек мигранттарынын абалы, экономика тармагындагы иштердин абалы жөнүндө Министрлер кабинетинин маалыматын угат.
Буга чейин өкмөт башчы 20-октябрдагы жыйынга келери айтылган.