Бүгүн, 17-октябрда Бишкектеги маалымат жыйында Социалдык фонддун башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов Кыргызстанда эң көп пенсиянын өлчөмү тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, эң көп пенсиянын көлөмү 179 миң сомдун тегерегинде болуп келген. Бирок 1-октябрда пенсия көтөрүлгөндөн кийин алардын пенсиясы да жогорулады.
Мукамбетов жеке маалыматтар тууралуу мыйзамга ылайык, эң көп пенсияны ким аларын айта албасын билдирди.