Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы Чыңгыз Айдарбеков аны жетекчиликтен алуу аракеттери көрүлүп жатканы тууралуу маалымат боюнча комментарий берди. 17-октябрда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып төмөндөгүлөрдү билдирген.
«Мен бул боюнча толук маалымат уга элекмин. Адахан Кимсанбаевич башка каналдары аркылуу бул маалыматты укту окшойт. Жалпы жыйында 19-октябрда карайбыз», — деди ал.
Комитеттин чечимине кол койбогону үчүн Чыңгыз Айдарбековду төрагалык кызматтан алуу аракети башталганын 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу өткөн курултайда Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров айткан.