Кемпир-Абадды бербегиле! Садыр Жапаровду Өзгөн эли кантип узатты

Социалдык тармактарда Садыр Жапаровдун Өзгөн райондук администрациясынан чыгып жаткан видеосу жарыяланды.

Белгилей кетсек, бүгүн райондук администрациянын имаратына бир нече ондогон адамдар келип, Өзгөн шаарына келген мамлекет башчысы менен жолугушууну талап кылышкан. Чек аранын бир нече тилкелери, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Ташкентте кол коюлган протоколго тургундар каршы.

Социалдык түйүндөрдө жарыяланган кадрлардан мамлекет башчынын акимчиликтин имаратынан чыгып баратканда унчукпай, аны күтүп турган эл менен коштошпой да койгонун көрүүгө болот. Милиция өзгөндүктөрдү катуу курчоого алып, Садыр Жапаровдун кортежине барчу жолду бууган.

Эл: «Баткенди ушинтип коргосо жакшы болмок!», «Кемпир-Абадды бербегиле! Эл каршы!”, “Элге чындыкты айт!”, “Уят!”, – деп кыйкыргандарын угууга болот.

Президентти жана аны коштоп жүргөн аткаминерлерди Жогорку Кеңештин депутаттары Адахан Мадумаров менен Исхак Масалиев ээрчий жөнөшкөндө, эл аларга кол чаап баштаган.

Буга чейин катышуучулар журналисттерге Садыр Жапаров менен жолугушууга уруксат берилбей, залга атайын даярдыктан өткөн адамдар гана киргизилгенин билдиришкен. Президенттин басма сөз кызматы ар бир адам мамлекет башчысына суроо бере алат деп ишендирди.

Чек аранын бир нече тилкелери, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча Ташкентте кол коюлган протоколго Өзгөн шаарынын тургундары бир нече жолу каршы чыгышкан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев буга чейин жергиликтүү эл менен жолугуп, Өзбекстан менен түзүлгөн келишимди кайра карап чыгууну убада кылган.

YouTube video