
Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Түркияга келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 29-сентябрда, иш сапары менен Түркия Республикасынын Бурса шаарына келди.
Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Изник шаарында (Түркия Республикасы) өтө турган Төртүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине барат.