Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин кармалганы боюнча кабары бар

Президент Садыр Жапаров билим берүү жана илим министринин кармалганы боюнча кабары бар. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

«Аталган иштин ар тараптуу иликтениши камсыз болот», — деди ал.

Эскерте кетсек, билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев кечээ пара менен кармалган.