Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, – сүрөт

Тажикстандын кол салуусунан улам Баткен облусунда чек арага жакын аймактардагы медициналык мекемелер дагы жабыркаган.

— Баткен облусунун Баткен районунун Ак-Сай айылындагы «Бакай» фельдшердик-акушердик пункту жабыркаган. Имараттын чатырына снаряд түшүп, ички эки бөлмөсү жараксыз абалга келтирилген, айнектери толугу менен талкаланган. Имарат капиталдык оңдоого муктаж.

-Баткен районунун Самаркандек жалпы дарыгерлер практикалык борборуна караштуу Капчыгай фельшердик-акушердик пункту. Имарат толугу менен өрттөлгөн жана анын ичиндеги медициналык жабдуулар, катуу жана жумшак эмеректер жараксыз болгон. Имарат кайра курууга муктаж.

— Баткен районунун Достук айылындагы ФАП толугу менен өрттөлгөн, анын ичиндеги медициналык жабдуулар ошондой эле катуу жана жумшак эмеректер жараксыз абалга келген. Имаратты кайра куруу керек.

— Баткен районунун Достук айылына караштуу тез жардам унаасы жана Чаткал элинен жардам катары берилген тез жардам унаасы жабыркаган. Унаанын алды жагынан 5 жерине (алдыңкы айнегине, айнегинин үстү жагына жана алдыңкы капотуна) ок тийген, арткы айнеги талкаланган, ичиндеги медициналык шаймандарын толугу менен талкаланып жана тонолгон. Автоунаа капиталык оңдоого муктаж.

1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 09 2.jpg.pagespeed.ic.Mh3IN 9fMe Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 13.jpg.pagespeed.ic.O6XXXTgkJ Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 12.jpg.pagespeed.ic.I ivBlCtVF Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 14.jpg.pagespeed.ic.sV YHg3D7Q Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 05.jpg.pagespeed.ic.jrI1gYNybJ Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 09.jpg.pagespeed.ic.q8FdngIEiv Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 16 2.jpg.pagespeed.ic.j 8T4kvVZ5 Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 11.jpg.pagespeed.ic.T YHb28ejI Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 15.jpg.pagespeed.ic.OOil6yNiof Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 16.jpg.pagespeed.ic.4cVsG8 4ng Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт
1024x766xphoto 2022 09 24 19 45 07.jpg.pagespeed.ic.WRbtycL79f Баткендеги талкаланган медициналык мекемелер толук ремонтко муктаж, - сүрөт