Фактчек: Генерал Шох баштаган согушкерлердин арасында террористтик уюмдарга ыктагандар болгон 

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин ардагери Джумахон Рахимов өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына 21-сентябрь күнү, “Биздин баатырларыбыздан кабар алганы келдик”, —  деп видео жарыялаган

Ал постунда согушкерлер Ворухта экенин жазган: 

“Гармдыктар, сугддуктар, бадахшандыктар баарыбыз Ворухта болдук. Эр жүрөк эркектер өздөрүнүн жандарын аябай, мекендин Ворух жергесин коргоп берүүдө даяр тургула деген буйрукка жөлөк болуп беришти”. 

Видеону тартып аткан адам, “Джумахон ака сөз айтып коюңуз”, — деп Джумахон Рахимов аттуу адамга сөз берет. Ал, “Биз, бүгүн баатырларыбыздан кабар алганы келдик. Мына жаныбызда иштин устасы, мына аксакал, ишинин устасы жана жолдош генерал. Биз бирге экенибизди ушул эл билсин! Башыбыз бир, улут үчүн, мекен үчүн, өкмөт үчүн биз дайым даярбыз, берилип кызмат кылабыз”, — деп айтат. Ошондой эле Джумахон Рахимов, “өз ишинин устасы ИИМдин генералы Шох Искандаров менен чогуу бир жердебиз”, — деп жазган Фейсбук баракчасына. 

Видеодон он чакты тажик согушкерлерин көрүүгө болот. Алардын арасында буга чейин биз аныктаган согушкерлер жана генерал Шох бар

YouTube video

Бул видеонун каармандарынын бири — Мирзахуджа Ахмадов. Анын Кыргызстандын аймагында кирген согушкерлердин арасында жүргөн видеосу буга чейин жарыяланган эле. 

Генерал Шох баштаган согушкерлердин арасында террористтик уюмдарга ыктагандар болгон 
Мирзахуджон Ахмадов

Мирзахуджа Ахмадов — мурдагы Бириккен тажик оппозициясынын куралдуу түзүмдөрүнүн белгилүү талаа командирлеринин бири. Ал видеодо генерал Шох Искандаровдун жанында турат. 

Видеонун дагы бир каарманы — Мирзахуджа Ахмадов менен чогуу бир видеодо жүрөт. Алар жарылган танканы карай, Аллаху Акбар, Аллаху Акбар. Атканда сен атканың жок, Аллах атты. Аллаху Акбар, Аллаху Акбар. Мирзохужо ака бул арстандын эркеги. Мирзохужо ака бул жакта келатат.  Мирзохужо ака ок атты. Эркек арстан. Эркек арстан. Тажикстан жаша! Аллаху Акбар” деп кыйкырып турган. 

Генерал Шох баштаган согушкерлердин арасында террористтик уюмдарга ыктагандар болгон 

Биз аны Одноклассники социалдык түйүндөрүнөн “Usoma Biladin” деген лакап ат менен таптык. Ал өзүнүн сүрөттөрүн жарыялап, бир катар постторду калтырган. 

Постторунун биринде, “Душман менен биз согушабыз! Душман калбасында, биз аңчылык кылабыз! Музохиддердин (моджахеддер) армиясына Аллахым үчүн согушабыз”, — деп жазган. 

Генерал Шох баштаган согушкерлердин арасында террористтик уюмдарга ыктагандар болгон 

Экинчи билдирүүсүндө, “Биз мусулмандар Умар, Билал, Тахир, Усама жана сахабалардай ыймандуу болсок, каапырлардын алдында кор болуп, кул болбой калмакпыз” деп жазат. 

Генерал Шох баштаган согушкерлердин арасында террористтик уюмдарга ыктагандар болгон 

Ал өзүнүн билдирүүлөрү менен белгилүү террористтерге ыктагандыгын көргөзүп турат. 

Ал эми видеону жарыялаган Джумахон Рахимов Тажикстандын ИИМинин ардагери. 

Аталган видеонун негизги каарманы — биздин буга чейинки иликтөөлөрдө аты аталган генерал Шох Искандаров. Ал согушкерлер менен чогуу сүрөткө түшүп, “саламатта болунуздар” деп жаткандыгын угууга болот. “ПолитКлиника” буга чейин иликтөөсүндө Генерал Шох жетектеген согушкерлер Кыргызстанга кол салганын далилдеген. 

Генерал Шох баштаган согушкерлердин арасында террористтик уюмдарга ыктагандар болгон 
Шох Искандаров

Тажикстандын ИИМинин ардагерлер тобу 

Биз, жогоруда айтып жаткан ИИМдин ардагери Джумахон Рахимовдун Фейсбук баракчасын карап көрсөк, алар дайыма согушка даяр турушат. Мисалы, бул жолку Тажикстандын Кыргызстанга болгон кол салуусуна чейин дагы бир нече жолу Тажикстандын ар кайсы аймагында чогулушкан. 

Джумахон Рахимов бөлүшкөн, Хушвахт Разоковдун 15-сентябрда калтырган билдирүүсүндө, “Мекенди коргоочулар даяр болушу керек! Ворух жерин коргоо үчүн!”, — деп жазып, аскердик формачан жашы өтүп калган адамдардын сүрөтүн чыгарган. Сүрөттөр Тажикстандын ИИМдин окуу борборунун алдында тартылган. Аталган сүрөттөрдөн улам, алар согушка даяр экендигин байкоого болот. 

Баса, буга чейин социалдык тармактарда согушкерлердин Кыргызстанда жүргөн видеосу тараган. Согушкерлердин арасынан бирөөнү, Афганистандан чыккан террорист катары тааныгандар болгон. 

Генерал Шох баштаган согушкерлердин арасында террористтик уюмдарга ыктагандар болгон 

Бирок, аны ачык маалымат булактарынан аныктоого мүмкүн болгон жок. Ал эми Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кыргызстанга кол салгандардын арасында экстримист-террористтик уюмдардын мүчөлөрү болушу мүмкүн деп айткан:

Бул видео социалдык тармактарда да таралууда. Биз алардын бирөөсүн аныктадык, аны тааныдык. Ал алардын жараны экенин азыркы ооган бийлиги тастыктады. Ошондуктан баскынчылар тарапта эл аралык террористтик уюмдардын өкүлдөрү катышып жатат деп айта алам. Чет өлкөдөн келген жалданма жоокерлер», — деди Марат Иманкулов

Жыйынтык: Кыргызстанга болгон Тажикстандын агрессиясында, Тажикстандын ИИМинин ардагерлер тобу кол салууга даярданып, экстремист-террористтик уюмдарга ыктагандар катышканы чындык.

Булак:pk.kg