Чек арада каза болгондордун саны 59 адамга жетти

Кыргыз бийлиги 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 59 адамга жеткенин билдирди. Алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз.

Саламаттык сактоо министрлигинин 18-сентябрда саат 22:30га карай берген маалыматына ылайык, чек арадагы кагылышта 144 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында жаш балдар бар. Абалы оор бир нече кишиге Бишкекте операция жасалууда. Жаракат алгандардын 102си Бишкек менен Ош шаарындагы ооруканаларда жатат. Жети адам амбулатордук дарыланууда.

Баш-аягы 140 миңден ашуун тургун коопсуз жакка жер которду. Алардын ичинен 136 770 адам Баткен, Лейлек райондорунун, Сүлүктү, Раззаков шаарларынын тургундары. Дагы 5301 адам Ош облусунун Чоң-Алай районунун тургундары.

Тажикстандын бийлиги 14-сентябрдан бери 32 тажик жараны каза тапканын маалымдады. Буга чейин “Озоди” радиосу өз булактарына таянып, чек арада 39 киши өлгөнүн кабарлаган. Маалыматты көз карандысыз башка булактардан тактоого азырынча мүмкүн болбой турат.