Тажик тарап Баткен шаарын аткылап жатат

Бул тууралуу активисттер билдирди. Алардын айтымында учурда Баткенде кафе, ресторандар күйүп жатат, элдер үйлөрүн таштап, Ош жана Жалал-Абадка качып жатышат.

Буга чейин Баткен шаарына тажик тарап аткан снаряд келип түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча, снаряд кафенин жана турак үйлөрдүн жанына
түшкөн. Окуя болгон жерге өрт өчүрүүчүлөр келип, өрттү өчүрдү.
Жабыркагандар жана каза болгондор жок.