Садыр Жапаровдун уулу Руслан Жапаров да саммитке барган, – сүрөт

Президент Садыр Жапаров Өзбекстанда ШКУ саммитине катышып жатат. Ал уулу Русланды да ээрчитип саммитке алып барганын сүрөттөн байкасак болот.

Өлкө башчылары менен бирге «Түбөлүк шаар» комплексинде болуп, ал жердеги орто кылымдардагыдай стилдештирилген базарды, карапа, жибек кагаз, зергерчилик, килем токуу жана башка буюмдарды жасоочу устаканаларды көрүп чыкты.

“Түбөлүк шаар” менен таанышкандан кийин мамлекет башчылары майрамдык концерттик программанын коштоосундагы бейформал сый тамакка өтүштү.

Ал арада Баткендеги чек ара аймактарында аткылашуу болуп жатат.