Чек арадагы жаңжалдан 4 аскер кызматкери жарадар болду

Учурда Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасында ок атышуу болуп жатат. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Алдын ала маалымат боюнча 4 аскер кызматкери жарадар болгон.

Баткен районунун кооптуу айылдарда жашаган тургундарын эвакуациялоо иштери башталды.

Азыркы убакта облус башчысы Абдикарим Алимбаев күч структуралары менен биргеликте чек арада. Ал эми жалпы кырдаалды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев көзөмөлгө алууда.