Президент чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды

Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын кызматкерлерине жаңы батирлердин ачкычтарын тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, мамлекет башчысы өлкөдө бюджеттик чөйрөдө иштегендердин эмгек акылары көтөрүлгөнүн эске салып, ошондой эле пенсия өлчөмүн жогорулатуу пландалып жатканын белгиледи.

«Ар бир адамдын телегейи тегиз, санаасы тынч болушу үчүн, албетте, үстүндө үйү болушу керек. Жарандарыбыз баш калка үчүн Бишкектин айланасын тегерете канчалаган жерлерге үй салып, жаңы конуштар пайда болду. Ал эми чек арачы — аскер кызматчыларыбыз ар дайым мекен чегин көздүн карегиндей кайтаруу менен алек болуп, үй салууга чолоосу жок эле», — деп Садыр Жапаров, чек арачылардай эле алар жаңы турак-жай алып жатканына кубанычта экенин белгиледи.

Президент эгер бардык мекен коргоочулар эч нерсеге муктаж болбой, башка керектөөлөрүн ойлобой, бир гана Ата Мекендин коопсуздугу деп кызмат өтөсө, өлкөдө тынчтык өкүм сүрөөрүн баса белгиледи.

Мамлекет башчысы турак-жайды курууга республикалык бюджеттен 100 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи.

Садыр Жапаров чек арачылардын кесиби өтө сыймыктуу жана ошончолук жоопкерчиликтүү экенин дагы бир жолу белгилеп, социалдык укуктарын, кепилдиктерди жана жашоо-шартын жакшыртуу багытында активдүү иштер улантыларына ишендирди.

dos 8223 Президент чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды
dos 7922 Президент чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды
dos 7952 Президент чек арачыларга жаңы батирлердин ачкычын тапшырды