Мээрбек Мискенбаев cуракта

Бүгүн, 7-сентябрда ИИМдин кызматкерлери мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевди ИИМдин Тергөө башкармалыгына алып келишкенин саясатчы Равшан Жээнбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Ал эми Алмазбек Атамбаевдин коомдук кеңешчиси Кундуз Жолдубаева ИИМдин кызматкерлери Мээрбек Мискенбаевди Биринчи Май райондук сотунан алып кетишкенин белгилеп, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумга келген Мээрбек Мискенбаевди ИИМдин кызматкерлери алып кетишти. Аны блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча суракка алышат экен», — деп жазды ал.

Эске салсак, фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.