
Кримчөйрөдө «Дөө Чыңгыз» каймана аты менен белгилүү Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө беш адам шектелүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, 27-августта Свердлов райондук сотунда отурум өтүп, уюшкан кылмыштуу топтун лидерин өлтүрүүгө шектелген беш адамга карата баш коргоо чарасы тандалды. Соттун чечимине ылайык, СИЗО-1ге камакка алынды.
Эскерте кетсек, 30-июлда «Дөө Чыңгыз» каймана аттуу кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов абакта киши колдуу болгон.
Буга чейин айтылган маалыматта аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөнү кабарланат.