Чолпон-Атага Азербайжандын өкмөт башчысы келди

Чолпон-Ата шаарына Азербайжандын премьер-министри Али Асадов келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан мейманды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.

Али Асадов 25-26-августта Чолпон-Атада өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.

Аталган жыйында интеграциялык биримдик алкагындагы бир катар актуалдуу маселелер каралат.