
Сокулукта маршрутканын айдоочусун кармашты. Ал жөө адамды сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен.
Кайгуул кызматынан билдиришкендей, окуя 22-августта болжол менен 14:55 чамаларында «Фрунзе» гипермаркетинин жанында болгон.
«Мерседес Бенц спринтер» үлгүсүндөгү унаа 58 жаштагы адамды сүзгөн. Жабырлануучу колу сынып, ооруканага жаткырылган, ал эми айдоочу качып кеткен.
Облустук милициянын кызматкерлери маршрутканын айдоочусу 1981-жылы туулган А.У.К.ну изи сууй электе кармашты.
Унаа айып токтотуучу жайына киргизилди.
Учурда тиешелүү иш чаралар жүргүзүлүп жатат.