
Таласта 14 жаштагы өспүрүм кыз изделүүдө. Болжол менен ал сууга агып кетиши мүмкұн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Манас районунда Бала-Саруу айылында токойдо 2008-жылы туулган М.М. аттуу кыз дайынсыз болуп жаткандыгы жана анын уюлдук телефону Талас суусунун жээгинде табылгандыгы тууралуу маалымат «112» кызматына түшкөн.
«Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 5 куткаруучу тартылып, издөө иши убактылуу токтотулду. Издөө иштери 22-август күнү улантылат», — деп айтылат маалыматта.