Экс-депутат Дмитрий Биволго борбор калаадан эки бөлмөлүү батир белек кылды

Бишкек шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Байсалбек Эргешов WBA версиясы боюнча жеңил салмактагы чемпион Дмитрий Биволго борбор калаадан эки бөлмөлүү батир белек кылды. Бул тууралуу активист Мурат Соорбеков билдирди.

1024x768x299183720 2293052137500917 1418999956133261937 n 1.jpg.pagespeed.ic .iMQ45iWevu Экс-депутат Дмитрий Биволго борбор калаадан эки бөлмөлүү батир белек кылды

«Экс-депутат мушкерге батирдин ачкычын кичи мекенинде үйү болсун жана Кыргызстанга тез-тез келип турсун деп тапшырды», — деди ал.

Дмитрий Бивол кыргызстандык, орусиялык мушкер. Ал Кыргызстанга Ысык-Көл районунун Тамга айылындагы машыгуу сборуна учуп келген.