
21-августта түнкү саат 02:18дер чамасында Чоң Чүй каналына Toyota Ipsum үлгүсүндөгү автоунаа түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирет.
Жерине 5 куткаруучу тартылып, суучулдар атайын жабдууларды колдонуп жана техниканын жардамы менен унааны чыгарып беришкен.
Жабыркагандар жок.