Акылбек Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга көңүл айтты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен телефон аркылуу сүйлөштү.

akylbek zhaparov 1536x864 1 Акылбек Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинянга көңүл айтты

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, сүйлөшүүдө Акылбек Жапаров «Сурмалу» соода борборундагы жарылуунун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин жана үстүбүздөгү жылдын 25-26-августунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына даярдыктардын жүрүшүн талкуулады.