
Чүйдө күйөөсү тарабынан токмоктолгон Б.Ф. аттуу аял милицияга арыз жазды. Маалыматты Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу 16-август күнү күйөөсүнө чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, тергөө иштери баштаган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
«Жабырлануучу учурда ооруканада дарыланып жатат. Кошумча маалымат берилет»,-деп билдиришти Чүй ОИИБден.


Буга чейин 24.кж сабалган келиндин жакындарына шилтеме берип, анын 4 баласы бар экенин жазган.