Милиция кызматкерлери «Полит Узник» баракчасынын автору Ырыс Жекшеналиевди суракка алып кетти. Бул тууралуу ал өзү фейсбуктагы баракчасына жазды.
«Президенттин буйругу иштеп баштады. Мени 10-бөлүмдүн кызматкерлери ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгына алып бара жатышат. «Полит Узник» баракчам боюнча», — деп жазган алган.
Ырыс Жекшеналиевдин кайсы маселе боюнча суракка алынып кеткендиги тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына кайрылганыбызда, маалыматты такталып жаткандыгын билдиришти.
Эскертке кетсек, бүгүн, 14-августта президент Садыр Жапаров Жетим-Тоо кени боюнча билдирүү жасаган. Анда президент айрым адамдар Жетим-Тоо боюнча туура эмес маалымат таратып жатканын айтып, укук коргоо органдарын аларды тартипке чакырууну тапшырган. Буга чейин фейсбуктагы «Полит Узник» баракчасында УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо боюнча билдирүүсү жарыяланган.