Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

Ушул жылдын 30-июль күнү “Дөө Чыңгыз” каймана аты менен таанымал болгон кылмыштуу дүйнөнүн ана башчыларынын бири Чыңгыз Жумагулов №1 тергөө абагында мууздалып өлтүрүлдү. Бул окуядан улам BULAK.KG  сайты Кыргызстанда түрдүү жылдары киши колдуу болгон кримдүйнөсүнүн төбөлдөрүн чогултту.

Рысбек Акматбаев

pic 1358528513 Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

2006-жылдын 10-майында Бишкектин Көк-Жар айылында жайгашкан мечиттин кире беришинде бет капчан белгисиз адамдар Рысбек Акматбаевге ок жаадырып өлтүрүшкөн. Бул кылмыш дүйнөсүндөгү чоң фигуранын өмүрүнө болгон биринчи кол салуу эмес эле.

Ага чейин Акматбаев бир нече киши өлтүрүү беренелери боюнча акталып, Жогорку Кеңешке болгон шайлоодо жеңип чыкканы менен мандат алууга үлгүрбөй калган. Бул иш азыркыга чейин ачылган эмес.

Адис Кулманбетов

2006-жылдын 1-мартында Бишкектин борборунда кылмыш дүйнөсүнүн мүчөсү Адис Кулманбетов өлтүрүлгөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ келип “Дордой-Плаза” супермаркетинин алдында “Мерседес 500” унаасынан Кулманбетовдун 6 жолу ок жеп каза болгон сөөгүн табышкан. Коомчулукта белгилүү болгондой ал 2001-жылдан бери Рыспек Акматбаевдин тобунда болуп, 3 өлүмгө шектелип милиция тарабынан изделип жүргөн. 

Бул окуядан бир жарым жылдай убакыт өткөндө 2007-жылдын 18-июлунда Жумгал районунун Чаек айылында Адис Кулманбетовдун аталаш бир тууганы Толкун Кулманбетов көз жумган. Тергөө амалдары жүргүзүлгөн соң, аны белгисиз адам бир нече жолу көкүрөк тарапка атып өлтүргөнү белгилүү болгон. Кулманбетов аймактык ооруканада көз жумган.

Кубанычбек, Нурлан, Мирлан Коноевдер

zona7 Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр
1. Рыспек Акматбаев 2. Адис Кулманбетов 3. Айбек Нарматов 4. Мирлан Коноев 5. Нурлан Коноев 6.Кубан Жолдошев

2006-жылдын 10-августунда Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында Рысбек Акматбаевдин жээни Нурлан Коноев түнкү саат 3-4 төрдө  “Радуга” пансионатынын аймагында атып өлтүрүлгөн.

Түнкү саат 01:00 чамасында 1978-жылы туулган Нурлан Коноев менен 1980-жылы туулган Эрик Жапаров диско-барда эс алып отурушкан маалда белгисиз адамдар келип ок атышкан. Натыйжада Коноев Чолпон-Ата шаарынын ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Кийин экспертизадан белгилүү болгондой “Макаров” тапанчасынын окторунан каза тапкан. Ал эми Эрик Жапаров оор жаракаттары менен ооруканага түшкөн.

2007-жылдын 19-апрелинде Нурлан Коноевдин бир тууганы Мирлан Коноев Бишкекте жайгашкан Жогорку Соттун алдында атып өлтүрүлгөн. Ал аталган мамлекеттик мекеменин алдында жакыны Эркин Мамбеталиевди колдоо митингине катышып жаткан. Тергөө Мамбеталиевди ИИМдин полковниги Чыныбек Алиевди өлтүрдү деген айып тагып жатканына байланыштуу митинг эле.

Кылмышка шектүү делип Эдилбек Бегартов аттуу 24 жаштагы Ош облусунун тургуну кармалган. Маалыматтарга ылайык ал Бишкектеги кылмыштуу топтордун биринде болгон. Бегартовдун айтымында бул кылмышка ал досу Таалайбек Бердибаевдин өчүн алуу үчүн барган. Жакын досун Рысбектин “балдары” өлтүрдү деп эсептегендиктен бул кадамга барганын айткан.

Ок чыгаргандардын саны экөө болгонун, Жогорку Соттун мекемесинен кармалып, кеч чыккан Мирлан Коноевдин адвокаты Рыспек Нагаев айткан. Кылмыш жасагандардын бири качып кетүүгө үлгүрсө, экинчисин Мирландын атасы кармап калууга жетишкен. Оор жаракаттарды алган Коноевдин өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Ал эми 2008-жылдын 4-октябрында Чолпон-Ата шаарынын шаардык прокуратурасынын алдында унаасы менен бара жаткан кезде Мирлан менен Нурлан Коноевдин атасы Кубанычбек Коноев атып өлтүрүлгөн. Кылмыш жасагандар белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен.

Жумабек Зикирбаев

51bed9f703647580c6aa98943e0362bc.jpg Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

Жумабек Зикирбаев Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун катарына кирип, өз “жан жөкөрлөрү” менен киши өлтүрүүгө шектелип, иши сотко чейин жеткен.

2010-жылдын 24-май күнү Биринчи Май райондук сотуна Зикирбаев жана аны менен бирге дагы эки айыпталуучу алып келинет. Атайы кайтарылган бөлмөдө короого караган терезелери болгону айтылган. Түрдүү божомолдорго ылайык шектүүлөрдү кайтарган кароолдун жетекчиси Зикирбаев жакындары менен сүйлөшүп туруусу үчүн аны атайы ошол бөлмөгө пара алуу аркылуу жайгаштырган. Бирок андан кийин болгон окуя бардыгын аң-таң кылган.

Зикирбаев мурун атайын кызматта иштеген адам эле. Алардын соттук иши 2005-жылдан бери созулгандыктан кылмышкерлер мекеменин кабинеттерин, кайтарган кароолдун бардыгын изилдеп алышкан. Буга байланыштуу ал эркиндиктеги өз адамдары менен байланышып соттон качып кетүүнүн айла-амалын ойлонуп, пландап алган. Сырттан белгисизи адамдын “Макаров” тапанчасынан аткан огу кароолдун жетекчисиинин өмүрүн алып, айыпталуучулар учурдан пайдаланып темир тордон качып кетишкен. Алар темир торду кантип ачканы, сырттан кимдин жардам бергени, кандай жол аркылуу бул амалды аткарганы сыр бойдон калган.

Арадан 8 күн өткөн соң ошол кездеги Улуттук коопсуздук кызматы Зикирбаев менен телефон аркылуу сүйлөшкөн адамдын дарегин аныкташып, алардын Төмөнкү Ала-Арча айылындагы бир батирде жашынганын табышкан. Натыйжада ал даректе кылмышкерлердин жана ИИМ, УКМКнын кызматкерлеринин катышуусунда эки тараптуу атышуулардан улам баш кесерлердин башчысы Зикирбаев катуу жараат алып, ооруканага бараткан жолдо көз жумган. Ал эми анын жанындагы Улан Кожоев менен Чыңгыз Мамытов УКМКнын тергөө башкармалыгына алып келинген.

Жумабек Зикирбаев, Улан Кожоев жана Чыңгыз Мамытов бир нече буйрутма өлүмдөргө шектелишкен. Алардын арасында КСДП партиясынан парламенттин депутаты Руслан Шаботоев, депутат Жусупжан Жээнбековдун уулу Бактияр Амиржанов жана белгилүү ишкер Игорь Гизей болгон.

Айбек Мирсидиков (Кара Айбек)

0302BFA3 EE59 458F ACA7 314590BF87E9 w1080 h608 Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

“Кара Айбек” каймана аты менен белгилүү болгон кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү Айбек Мирсидиков 2010-жылдын 6-июнунан 7-июнга караган түнү өзүнүн 3 жансакчысы менен унаасында атып өлтүрүлгөн. Бул кылмыш Жалал-Абад облусунун Сузак районунда түнкү саат 01:00 дө катталган. 

Этникалык өзбек Мирсидиков өлкөнүн түштүк регионунда криминалдык лидерлердин бири болгон. Бирок акыркы мезгилдерде анын ысымы Жалал-Абаддагы ызы-чууларга байланыштырылып келген.

Коомчулукта тараган маалыматтарга ылайык, Мирсидиков убагындагы бизнесмен жана депутат Кадыржан Батыров менен байланышы болгон. Алгач “Кара Айбек” Батыровдун бизнесин криминалдык коргоого алып келген болсо, андан соң анын андай кызматынын шарттарына Кадыржан Батыров ыраазы болгон эмес деп айтылган. 2000-жылдардын ортосунда Айбектин бир тууганы Ахматбек өлтүрүлгөн соң, Мирсидиков ага Батыровду – ошол кездеги парламенттин депутатын күнөөлөгөн.

Өз кезегинде Мирсидиков убагында Курманбек Бакиевдер тарапта болуп, алардын таламын талашканы айтылат.

Алтынбек Арзымбаев (Джин)

image 1 4 Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

2014-жылдын 26-августунда Бишкектин 8-кичирайонунда кылмыштуу топтун мүчөсү Алтынбек Арзымбаевди үйүнө кире беришинде атып өлтүрүп кетишкен. ИИМдин берген маалыматында ага 4 ок тийип, дароо мерт кеткен.

Ошол эле жылы жай мезгилинде Арзымбаев 28-фервалдагы ок атышууга тиешеси бар делип эки айга камакка алынган. Ал окуяда бир адам каза болуп, бир нечеси жаракаттарды алганы белгилүү болгон.

2012-жылы Кара-Көлдүн шаардык кеңешине “Ата-Мекен” партиясынын тизмесинде депутат болуп барганы менен, партия аны моюнга алган эмес. 2014-жылы сот Арзымбаевдин соттук иштеринен улам аны депутаттык мандаттан ажыраткан.

Алманбет Анапияев

1371209084 31702400 Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

2015-жылдын 18-февралында Беларустун Минск шаарынын Москва районундагы көчөлөрдүн биринде, унаанын багажнигинен бычакталып өлтүрүлгөн адамдын денеси табылган.

19-ферваль күнү Анапияевдин сүрөтү чапталган, бирок аты-жөнү Алмазбек Шакиров деп жазылган Орусиянын паспортунун жана Минск шаарында бычакталды делген Анапияевге окшош адамдын канжалаган денесинин сүрөтү жарыяланып, өлтүрүлгөн адам Кыргызстанда оор айып тагылып, бир канча жылдан бери издөөдө жүргөн Алманбет Анапияев экендиги белгилүү болгон.

Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун активдүү мүчөсү катары белгилүү болчу. Анын криминалдык атагы маркум депутат Баяман Эркинбаевдин жанында жүргөндө чыккан. Эркинбаев киши колдуу болуп өлгөндөн кийин анын ордуна “Алыш” күрөш федерациясынын башчысы болуп дайындалган.

Анын өлүмүнө мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Жаныш Бакиевдин тиешеси бар деп айтылып келет.

Дамир Сапарбеков

a5e5a29ef0529a8a4ad9f2425fe44fa1 Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

2015-жылдын 27-апрелинде түнкү саат 23:00 чамасында “Жал” кичирайонунда жайгашкан үйүнө үй-бүлөсү менен келип, унаадан түшкөн маалда кире бериште күтүп турган бейтааныш эки адам куралдан бир нече ок атып, натыйжада алган жаракаттарынан Дамир Сапарбеков аймактык ооруканада көз жумган.

Сапарбеков уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү болуп, көп жолу соттолгон. Кылмыш дүйнөсүндө “положенец” деген криминалдык статусу болгон. Ага кол салуу болоруна эки ай убакыт мурун абактан чыгып келген. Кримтөбөл Камчы Колбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү болгон деген маалыматтар бар.

Бул кылмышка байланыштуу сот маалында белгилүү болгондой 27-апрель күнү Адилет Казатов аттуу жаран кармалып 17 жылга соттолгон. Аталган кылмышка тиешеси бар делип “Сакал” каймана аты менен белгилүү болгон кримтөбөл Улан Токтосуновго да издөө салынган. Бирок Адилет Казатов Токтосуновду тааныбай турганын жана анын кылмыштуу тобуна кирбей турганын билдирген. Дамир Сапарбековду өлтүргөнүнүн себеби, көп убакыт бою ал үйүнө коркутуу менен келип, опузалап акча алып кетип жүргөнүн белгилеген.

Алмаз Сулайманов (Лимонти)

photo 314173 Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

“Лимонти” каймана аты менен таанымал болгон кримтөбөл Алмаз Сулайманов 2020-жылдын 28-мартында Нарын шаарында өлтүрүлгөн.

Күндүз саат 13:00 чамасында Сулаймановдун унаасын кылмышка шектүү бала алдынан келип сүзгөн. Ага ачууланып, сөгүп-саккан Лимонти бычак алып чыгып, тигини колго сайган. Ал бала бычагын жулуп алып, өзүн бир нече ирет сайып жиберген. Натыйжада Сулайманов ооруканага жетпей эле каза тапканы тууралуу маалымат тараган. Андан соң белгилүү болгондой “Лимонтинин” денесине 26 жолу бычак сайылган.

Лимонтини өлтүргөн адам анын жансыз денесин автоунаанын ичине салып, жакын жердеги милициянын пунктуна алып барып, колго түшүп берген.

Өлтүрүүнүн себеби – 1998-жылы “Лимонти” Нарында Имаш Шамиев деген адамды өлтүргөндүгү менен байланыштырылган. Сулаймановду өлтүргөн адам Имаш Шамиевдин эр жеткен уулу Талгат Шамиев экени коомчулукта айтылган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен Талгат Шамиев 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок эки жыл убак камакта отурганына байланыштуу сот анын мөөнөтүн 1/4 ге кыскартып, жабыр тарткан тарапка 100 миң сом айып төлөп берүүгө чечим чыгарган.

Чыңгыз Жумагулов (Дөө Чыңгыз)

2022 07 30 18 20 01 831 compress15 1024x576 1 Кыргызстанда киши колдуу болгон кримтөбөлдөр

Кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагулов 30-июлда №1 тергөө абагында киши колдуу болду.

Жаза аткаруу кызматынын маалыматында, аны камералашы жеке кастык мамиленин негизинде өлтүргөн. Аны өлтүргөн жаран кылмышын моюнуна алганы айтылат.

Улуттук коопсуздук комитети Жумагуловду 15-июлда кармаган. Атайын кызмат ал опузалап акча талап кылууга, кылмыштуу топту уюштуруу, ошондой эле жеке ишкердик менен алектенген адамдардан системалуу түрдө өзгөчө ири өлчөмдө акча каражатын талап кылуу фактысы боюнча колдо болгон материалдардын алкагында шек саналып кармалганын билдирген.

Чыңгыз Жумагулов 2019-жылы Бишкектеги №2 төрөт үйүнүн алдына катуу сабалып ташталган эки адамдын өлүмүнө шектелип ИИМдин тергөө абагына отургузулган. Июнь айында Биринчи Май райондук соту аны “бейбаштык” беренеси менен күнөөлүү деп таап, 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Ал 2021-жылы жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүгүнө байланыштуу абактан чыккан.