Кулубаев: Ысык-Көлдө кубаттуулугу 300 МВт болгон күн электр станциясынын курулушу башталды

Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр айылында күн электр станциясынын курулушу башталды. Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, күн электр станциянын кубаттуулугу 300 мегаватты (МВт) түзөт.

“Долбоорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууга биринчи Евразия экономикалык форумунда Евразия өнүктүрүү банкы, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги, “Астана” эл аралык финансы борборунун Жашыл финансы борбору жана “Бишкек Солар” жоопкерчилиги чектелген коомдун ортосунда кол коюлган. Евразия өнүктүрүү банкы долбоорго 40 млн долларын бөлүп берүүдө”, – дейт ал.